Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

2013-жылга карата газдын баасы бычыла элек


Бул тууралуу "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчисинин орун басары Геннадий Орленко бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, калкты газ менен камсыздоо багытында "Узтрансгаз" жана "КазТрансгаз" менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Азырынча кошуна өлкөлөр газды канчадан сатаарын ачыктай элек. Кыргыз тарап бааны 2012-жылдагыдай калтырууну сунуштап жатат.

2012-жылдын май айынан тарта казак тарап Кыргызстанга газдын миң куб метрин 224 доллардан, Өзбекстан болсо 290 доллардан берип келет. Бул газ кыргызстандыктарга 246 доллардан сатылат.

Буга чейин “Кыргызгаздын” маалымат кызматы 2013-жылы Өзбекстандан 100 миллион куб метр газ Кыргызстандын түштүгүнө, Казакстандан 300 миллион куб метр газ түндүк облустарга бериле тургандыгын кабарлаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG