Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Кыргызстандын жетекчилери 2013-жылдын иш мерчемдерин талкуулады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеваны кабыл алды. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, жолугушууда 2012-жылдын жыйынтыгы жана өлкө жетекчилигинин 2013-жылга карата иш мерчемдери талкууланды. Анда өтүп бараткан жыл жөнөкөй эмес болгондугу, башкысы саясий туруктуулук сакталып, экономиканы өнүктүрүү жана ири, анын ичинде Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн негиз түзүлгөндүгү белгиленди.

Өлкө башчысы келерки жылы мыйзамдын артыкчылыгын бекемдөө, коррупция менен күрөшүү жана өлкөнүн экономикасын туруктуу негизде өнүктүрүү боюнча дагы көбүрөөк иштеш керектигин кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG