Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

АКШ Конгресси “фискалдык кыйроо” боюнча маселени карайт


Бүгүн АКШ Конрессиндеги эки партия өкүлдөрү бир чечимге келбесе, анда 1-январдан тарта мамлекеттик чыгымдарды азайтуу жана салыкты көтөрүү боюнча мыйзамдар күчүнө кирет. Эксперттер бул Американын экономикасында жаңы рецессиянын башталышына жол ачат деп эскертүүдө.

Кечээ өткөн сүйлөшүүлөрдө президент Барак Обаманын бай америкалыктар үчүн салыкты көтөрүү сунушу эки башка пикир жаратты. 1-январдан тарта экс-президент Буштун маалында кабыл алынган салык төлөөдөгү жеңилдиктердин мөөнөтү бүтөт. Аны менен катар коргонуу, социалдык программалар боюнча мамлекеттик чыгымдар 600 миллиард долларга кыскарат.

XS
SM
MD
LG