Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Индия: Зордуктоонун курмандыгы болгон кыздын ысмы жарыяланды


Алты эркек кыйнап, зордуктагандан кийин өлгөн индиялык кыздын атасы кызынын ысмын жарыя кылды. Индиянын мыйзамы үй-бүлөсүнө залакасы тийбесин деген негизде зордукталгандардын аты-жөнүнн жарыялоого тыюу салат. Бирок Бадри Синх Панди британдардын Sunday People гезитине дүйнө кызы Жиоти Синх Пандинин атын билүүсүн кааларын, анткени кызынын ысмы зордуктоого кабылган аялдарга кайрат берет деген үмүттө экенин айтты. Бул окуядан кийин Индиянын билим берүү министри өкмөттү зордуктоого каршы мыйзамды күчөтүүгө чакырды.

23 жаштагы студент кыз Жаңы Делиде автобуста баратканда алты зөөкүр уруп-зордуктагандан эки аптадан соң, 28-декабрда Сингапурдагы дарыканада жан берген. Азыр кызды зордуктагандардын соту жүрүүдө жана алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG