Юстиция министрлигинин комиссиясы Икрамидин Айткуловдун адвокаттык лизенциясын алып салуу маселесин бүгүн карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат өзү кабарлады.
Буга чейин Башкы прокуратура Айткуловду "коомчулукту адаштырган маалыматтарды байма-бай таратып жатат" деп, ошон үчүн аны адвокаттык лицензиясынан ажыратуу өтүнүчүн Юстиция министрлигине жөнөткөн. Прокуратуранын түшүндүрмөсү боюнча, Камчыбек Ташиевдин таламын коргогон Айткулов депутат өткөн соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза тууралуу коомчулукка жалган маалымат тараткан.
Бирок Икрамидин Айткулов мындай айыптоону четке кагып, саясий жүйөгө байланыштырып келет.(BkA)