Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Индия: Пакистан армиясы "адамгерчиликсиз" иш жасады


Индиянын коргоо министри А. К. Энтони Пакистан армиясынын Контролдук тилкеде окко учкан индус жоокерлердин жасатын кордоосун сындады. Энтони 9-январда сүйлөгөн сөзүндө: "Пакистан армиясынын кылганы жеткен бузукулук. Алар өлгөн индиялык жоокерлердин денесине адамгерчиликсиз мамиле кылышты", - деди.

Индиянын маалымат булактарынын кабарлашынча, Пакистан аскерлери шейшемби күнкү чек арадагы аткылашууда ок жаңылып өлгөн индус жоокердин башын кесип алган.

Буга байланыштуу Индиянын тышкы кызматташуу министри Пакистандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды. Шейшемби күнү Кашмирдеги Контролдук тилкеде калың туманда индиялык жана пакистандык черүү бет келип, атыша кеткенде эки индус аскер окко учкан.

XS
SM
MD
LG