Париждеги Күрт институтунда башына ок тийген 3 аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Франциянын маалымат каражаттары кабарлашууда. Күрт вебсайттары жазганына караганда, маркумдардын бири Күрттөрдүн жумушчу партиясынын (ПКК) башатында турган. Француз бийлиги аялдардын өлүмүн тастыктап, бирок алардын аты-жөнү тууралуу маалымат бере элек. Кылмыштын себептери да аызырынча белгисиз. Окуянын алдында эле Түркия ПККнын абактагы лидери Абдулла Ожалан менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Анкара топту куралдан баш тартууга көндүрүүгө үмүттөнөт. Партия 1984-жылдан бери күрттөргө кеңири автономия берүүнү талап кылып келатат. Ошондон бери куралдуу кагылышууларда 45 миңден көп киши каза болду.