Ооганстанды кайра куруу долбоорунун алкагында АКШ каржылап курулган бир нече имараттын дареги табылбай жатат. Бул жөнүндө АКШнын атайын инспектору Жон Сопко бейшемби күнү билдирди. Сопконун айтышынча, АКШы Ооганстанды кайра куруу ишиндеги эң чоң проблема коррупция, сапатсыз пландоо, начар күзөтүү, маанисиз долбоорлор болууда. Курулуш иштерин аткарган мекемелер жумушту кандай бүткөрүлөрүн так билишпесе, АКШ миллиарддаган долларды дарексиз жоготот, деп эскертти Жон Сопко. Анын сөзүнө караганда, Вашингтон Ооганстанды кайра куруу иштерине күнүнө 28 миллион доллар сарптайт. Бул Жон Сопконун былтыр июлда президент Обама тарабынан Ооганстандагы долбоорлор боюнча атайын инспектор бролуп дайындалгандан бери коомчулукка жасаган биринчи билдирүүсү болду.