Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:36

Дунганов: Ок атуу тууралуу буйрукту Жаныш Бакиев берген


7-апрелде Ак үйгө уруксатсыз киргендерге ок атуу тууралуу буйрукту ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев берген. Бул тууралуу бүгүн сотто сурак берип жатып соттолуучу, ошол кездеги Жаныш Бакиевдин орун басары Данияр Дунганов билдирди.

2010-жылдын 7-апрелинде бийликке каршы митинг учурунда токсонго жакын адамдын атып өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иш козголгон. Соттолуучулар тизмесинде мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары, ошол кезде өлкөдөгү маанилүү мекемелерди жетектеп турган адамдар бар. Жалпысынан 21 киши. Бакиевдер жана айрым соттолуучулар өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу сыртынан соттолууда. Алар маалымдоо каражаттарына интервьюсунда өзүлөрүн күнөөлүү деп эсептебесин билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG