Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргызстан Казакстан менен газ боюнча келишимге жетишти


Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда көгүлтүр от тууралуу сүйлөшүү өтүп, натыйжада 2013-жылдын алгачкы кварталында Кыргызстан Казакстандан көгүлтүр оттун миң метр3 224 доллардан ала турган болду. Келишим улам кийинки кварталга узартылуусу мүмкүн. Сүйлөшүүгө Казакстан тараптан «Казмунайгаз» ишканасынын жетекчиси Данияр Берлибаев, «Казтрансгаз» ишканасынын жетекчилиги, ал эми Кыргызстан тараптан элчи Эсенгул Өмүралиев, «Кыргызгаз» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Бекмурат Султаналиев жана анын орун басары Евгений Орленко катышты.

Кыргызстан көгүлтүр отту Өзбекстандан жана Казакстандан алат. Былтыркы жылы газдын миң метр3 казак тарап 224 доллардан, ал эми өзбек тарап 290 доллардан саткан. Быйыл алынуучу газдын баасы Өзбекстан менен бычыла элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG