Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Пакистанда премьер-министр камала элек


Пакистандын өкмөт башчысы Ража Первез
Пакистандын өкмөт башчысы Ража Первез
Өлкөнүн коррупцияга каршы органынын жетекчиси премьер-министр Ража Первез Ашрафды камоо тууралуу Жогорку Соттун чечимин четке какты. Көзөмөл боюнча улуттук бюронун башчысы Фаси Бохари бүгүнкү билдирүүсүндө өкмөт башчыга тагылган айып боюнча алдын ала иликтөө иштери натуура жүргөн деп айтты.

Эки күн мурда өлкөнүн Жогорку Соту азыркы премьер-министрди 2008-2011-жылдары Суу жана энергетика боюнча министрлигин жетектеп турган чакта энергетикалык айрым долбоорлорду жактырууда пара алган деп айыптап, камоого буйрук берген. Бохари болсо премьердин айыбын далилдеш үчүн дагы убакыт керектигин айтууда.

XS
SM
MD
LG