Алжирдин коопсуздук күчтөрү Ливия чек арасына жакын газ заводдо
“ал-Каидага” байланышы бар согушкерлер менен тирешүүдө.
Өкмөттүк күчтөр завод аймагынын басымдуу бөлүгүн кайтарып алды, бирок айрым имараттардын ичине согушкерлер кирип алган.
Алжир өкмөтүнүн маалыматына караганда, 17-январдагы куткаруу операциясында жергиликтүү жана чет өлкөлүк 12 жумушчу мерт кеткен, 18 согушкер жок кылынган. Натыйжада барымтада калган алжирлик жана чет өлкөлүк жүздөгөн жумушчунун качып чыгышына мүмкүнчүлүк жаралды. Согушкерлер болсо барымтадан 35 кишини жок кылганын айтууда.
АКШ менен Франция бирден жараны мерт болгонун ырасташты. Вашингтон бийликтеринин айтымында, барымтада калгандар ичинен эсепке алынбаган отуздай кишинин ичинде америкалык жарандар да бар. (UE)