Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:49

Малинин Диабали шаары көтөрүлүшчүлөрдөн бошотулду


Франциянын жана Малинин аскерлери бир жума мурда ислам көтөрүлүшчүлөрү басып алган Диабали шаарын ээледи. Алар шаарга чабуул койгондо тик учарлар жана чалгынчы учактар жардамдашып жатты. Коопсуздук күчтөрүнүн кабарлашынча, адаватчылар түндүктү көздөй чегинген. Диабалинин тургундарынын айтышынча, эрегишчилердин айрымдары формасын алмаштырып, эл ичине сиңип кеткенге аракет кылышкан. Француз аскерлери 11-январда көтөрүлүшчүлөр борбор шаар Бамакону көздөй чабуул коё баштаганда, Малидеги операцияны баштаган. Былтыр мартта аскерлер Бамакодо төңкөрүш уюштургандан кийин согушчандар өлкө түндүгүндө өз бийлигин орнотуп, шариат мыйзамдарын киргизген.

XS
SM
MD
LG