Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Казакстан уран өндүрүү боюнча дүйнө лидери


Мамлекеттик “Казатомпром” компаниясы 24-январда өз сайтында жарыялаган маалымат боюнча, 2012-жылы өлкөдө 20 900 тонна уран өндүрүлгөн. Бул дүйнөлүк өндүрүштүн 37 проценти. Казакстан 2011-жылы 19 400 тонна уран өндүргөн эле. Астана уранды негизинен Кытай, Түштүк Корея, Жапония жана Индияга сатат. Казакстандын уран өнөр жайына акыркы жылдары Батыш инвесторлорун көп кызыктырууда. Казак өкмөтү уранды түрдүү деңгээлде байытуу жана атомдук реакторго отун ирети өндүрүүнүн программасын кабыл алган. Шаршемби күнү президент Назарбаев өкмөткө бир ай ичинде жаңы атомдук электр станция куруу боюнча сунуш иштеп чыккыла деп тапшырма берди.

XS
SM
MD
LG