Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Кыргызстан Сохко гуманитардык жардам үчүн жол ачты


Баткен
Баткен
Өзбекстан Кыргызстандын ичиндеги Сох анклавына жана Шахимардан айылына гуманитардык жардам алып өтө баштады. "Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, ушу тапта Өзбекстандын Фергана шаары менен Кыргызстандын Пүлгөн айылы чектешкен жердеги Водил өзбек өткөрмө бекетинен оор жүк ташыган 47 унаа чыга баштады. Аларга негизинен азык-түлүк жана башка күнүмдүк турмуштагы керектелчү нерселер жүктөлгөн.

5-7-январда кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжалдан кийин Сохтун тегерегиндеги чек ара бекеттердин баары эки тараптан тең жабылган болчу.

Баткен облусу эгер өзбек тарап Кыргызстандын территориясы аркылуу өз элине гуманитардык жардам алып өтөм десе каршы болбосун, коопсуздугун камсыз кылып берүүгө даяр экенин айткан болчу. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG