Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Өзбекстанда Улуттук телерадио компаниянын сайтына хакердик чабуул болду


Өзбек Улуттук телерадио компаниясынын сайтына чабуул болгондон кийинки көрүнүш, 30-январь, 2013
Өзбек Улуттук телерадио компаниясынын сайтына чабуул болгондон кийинки көрүнүш, 30-январь, 2013
Бүгүн компаниянын сайтында күтүүсүз жерден эле: “Силер тараткан кабардын баары жалган!” деген жазуу пайда болуп калды. Кийинчерээк сайт такыр эле ачылбай калган.

Өзүн “Клон коопсуздук” деп атаган топтун өкүлдөрү “Азаттыктын” өзбек редакциясы менен байланышып, чабуулду алар жасашканын, анткени Өзбекстанда өкмөт көзөмөлдөгөн бул мамлекеттик телерадио компания жалган маалымат таратып жатканын айтты.

Инцидент Өзбекстанда бүт бардык мамлекеттик маалымат каражаттары авторитардык президент Ислам Каримовдун 75 жашка чыгышын чагылдырган учурда болду. Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан Каримов мамлекетти дээрлик 25 жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG