Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Ысык-Көлдө жер титирөөнүн кесепетинен 103 турак жай жабыркады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн кабарлашкандай, жер титирөөнүн кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районунда жалпысынан 103 турак жай, 3 мектеп, 3 чек ара объектиси жана 1 ФАП жабыркаган.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, жарандык коргоо комиссиясы жер титирөө алып келген чыгымдарды тактоо иштерин улантууда. Кырсык болгон аймактарга иш сапары менен барган өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү жана турак жайга муктаж болгондорду убактылуу жашап туруу үчүн башка жактарга көчүрүү иштери боюнча облустук башкармалык милдеттендирилди.

28-январда Кыргызстандын аймагында жер силкинип, күчү 6 баллдан ашкан. Европанын сейсмологиялык борборунун расмий сайты билдиргендей, 6,1 магнитудасындагы жер титирөөнүн очогу Ысык-Көлдүн Түп айылынан чыгышты көздөй 119 чакырым, Алматы шаарынан 246 чакырым алыстыктагы Казакстандын аймагында жайгашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG