Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Малайзия кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйтүшү мүмкүн


Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Малайзияга болгон иш сапары учурунда айтылды. Малайзиянын өкмөт башчысы Нажиб Тун Абдул Разак менен жолугушууда эки өлкө ортосунда эмгек ресуртарын алмашуу, билим берүү, туризм тармагында кызматташуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана адал индустриясын өнүктүрүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жаатында кызматташуу тууралуу сөз болду. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жоомарт Оторбаев Малайзиянын инвесторлору үчүн Кыргызстандын шарттары тууралуу маалымат берип, өкмөт башчысы Нажиб Тун Абдул Разакты Кыргызстанга чакырды.

Эки өлкө ортосундагы адал индустриясы тууралуу иштер 2010-жылы башталып токтоп калган. Андан сырткары да бир топ долбоорлор аягына чыккан эмес.(AKu)

XS
SM
MD
LG