Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Өкмөт башчы жоокерлерди качууга мажбурлагандар жазасын алышы керектигин айтты


Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн ички иштер министри жана аскер прокурору менен сүйлөшкөндөн кийин билдирди. Өкмөт башчы жоокерлердин №702 аскердик бөлүктөн уруксатсыз кетүүсүнүн себептери тууралуу ИИМдин ички аскерлер командачысынын докладын угуп, аталган факты боюнча түзүлгөн жумушчу топко кыска мөөнөттүн ичинде ишин бүтүрүүнү жана андан соң ишти Аскердик прокуратурага өткөрүп берүүнү тапшырды.

- Аскердик кызмат мөөнөтүн өтөп жаткандарды аскердик бөлүктү өз алдынча таштап кетүүгө мажбурлагандар мыйзамдын чегинде толугу менен жазасын алышы керек. Ар бир офицер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса, мыйзам чегинде жооп берээрин так түшүнүшү зарыл.

3-февралдын түнүндө ИИМдин Ички аскерлеринин №702 бөлүгүнүн 39 жоокери уруксатсыз бөлүктөн чыгып кетишкен. Ушул сааттарга алардын отуз жетиси кайтып келди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG