Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Ислам кызматташтыгы уюмунун саммитине КР Тышкы иштер министри катышууда


Саммит алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болду. Ага Кыргызстандан Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышты. Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай жолугушууда тараптар Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин артыкчылык багыты, кеңештин ишмердигин эл аралык уюмдарда байкоочу сапатында кеңейтүү маселесин талкууга алышты. КР Тышкы иштер министри өз сөзүндө кеңешке мүчө өлкөлөрдүн гуманитардык-маданий кызматташтыгын ар кандай иш чаралар аркылуу өнүктүрүүнү, анын ичинде Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин белгилөөнү сунуштады.

Ислам кызматташтыгы уюмунун саммити Каирде өтүп жатат. Жогорку деңгээлдеги жыйында Сириядагы уруш жана Малидеги ислам согушкерлерине каршы аскердик операция талкууланмакчы. Катышуучулар Сирия оппозициясы менен өкмөттү кандуу жаңжалды токтотуу үчүн сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга үндөшөт деп күтүлүүдө. Бирок Сириянын өкүлдөрү Египетке келген жок. Уюм 57 өлкөнүн башын бириктирет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG