Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Ысык-Көл облусунда бир айда 27 жол кырсыгы катталды


Ысык-Көл облусунда январ айында 27 жол кырсыгы катталды. 11 адамдын өмүрү кыйылып, 43ү жараат алды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Былтыркыга караганда быйыл жол кырсыгы көп катталып жатканы айтылууда. 31-январдан 2-февралга чейин атайын рейд жүргүзүлүп, 23 айдоочу мас абалында унаа айдап жүргөнү аныкталды.

Мурдагы күнү Балыкчы - Каракол унаа жолунда, Чок-Тал айылында КамАЗ менен Хонда сүзүшүп, беш адамдын өмүрү кыйылды. (MK/RK)

 

XS
SM
MD
LG