Дүйшөмбүдө Желвигозу деп аталган эки өлкө ортосундагы чек ара бекетинде Сириядан Түркияга өтүп бараткан кичи автобус жарылган. Түркиянын расмий булактары жардыруудан кеминде 13 адам мерт кеткенин, ондогон адамдар жараат алганын кабарлашты. Каза болгондор арасында Түркиянын жарандары да бар. Түркиянын вице-премьер-министр Бүлент Арынч жардыруунун себептери кылдат иликтенээрин, азырынча кайсы бир божомолду айтуу эрте экенин билдирди.
Эки жылдан бери Сирияда уланып жаткан согуштан качкан качкындардын негизги агымы жардыруу болгон Желвигозу чек ара бекети аркылуу Түркияга өтөт.
Азыркыга чейин Түркиянын аймагына он миңдеген сириялыктар качып өткөн. Түрк бийликтери Сириядагы Башар Асаддын режимине каршы чыгып, козголоңчуларды ачыктан-ачык колдоп келет.