Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Дабаев: Кумтөр боюнча митингде кырдаал курчуйт деген маалымат болгон


“Ата-Журттун” депутаттарынын сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-башкармалыгынын жетекчи орун басары Зоотбек Дабаев күбө катары көрсөтмө берди. Анын көрсөтмөсүнө караганда, митингге 2-3 күн калганда эле атайын кызматта кырдаал курчуп кетери тууралуу маалымат болгон. Ошондуктан митинг болгон күнү 9-башкармалык күчөтүлгөн тартипке өткөн. Дабаев мындан башка маалыматтар мамлекеттик сыр болгондуктан ачык айтылбасын билдирди. Анын айтымында, митинг маалында аны кимдир-бирөө желкеге чаап кеткен. Чекист соттук териштирүүдө жерде кулап жаткан сүрөтүн көрсөттү. Бирок ага кол салган адам соттолуп жаткандардын арасында жоктугун, өзү жабырлануучу катары арыз бербегенин кошумчалады.

Дабаев көрсөтмө берип жатканда соттолуп жаткан депутат Камчыбек Ташиев экөө катуу кайым айтышып кетти. Азыр депутаттардын соту уланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG