Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Тажикстан менен чектеш айылдагы нааразылык жөнгө салынды


Бүгүн жергиликтүү бийлик жана чек арачылар Тажикстан тараптын өкүлдөрү жана чек арадагы Карабак же расмий аты Достук айылынын тургундары менен кездешкен соң Баткен район акиминин орун басары Акмурза Тагаев “Азаттыкка" буларды билдирди:

- Эл менен түзмө-түз сүйлөштүк жана булардын көйгөйлүү маселелерин биз тарапан чечтик. Азыр тажик тарапка барып, чек ара заставасынын командирлери менен сүйлөшөбүз, чек ара тозотун ичкери жылдырабыз, алар да алат, жол ачылат.

400дөй тургуну бар айылга барган кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун маалыматына караганда, карабактыктардын нааразылыгына тажик тараптын азырынча шарттуу чек арага телефон антеннасын орнотуусу түрткү берген.

Буга жооп кылып, кыргыз чек арачылары Карабак айылы аркылуу өткөн Ворух –Исфара жолуна чек ара көзөмөлүн койгон. Тажик тарап болсо айылды аралап өткөн кан жолду эки тараптан бууп салган.

Карабактыктар соңку эки күндөн бери жолдун ачылышын талап кылып жатышкан. (JSA/UE)

XS
SM
MD
LG