Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Аба ырайы


Кыргызстанда 16-февралда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде кээ бир райондорду туман каптайт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -12... -17, күндүз 0... -5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -11… -16, күндүз -1…-6 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1... -6, күндүз +1 ...+6 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -14... -19, күндүз -2... -7 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -25... -30, күндүз -9... -14 градус болот.

Бишкекте 16-февралда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12 градус, күндүз -1…-3 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG