Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Текебаев: ГЭСтердин акциясына мамлекеттик ишкана 100% ээлик кылышы керек


Бул тууралуу билдирген “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча Орусия менен болгон келишимдин азыркы вариантын кабыл алууга каршы экенин белгиледи. Буга Кыргызстан жери жана энергия булагы менен кирип, бирок ГЭСке болгон үлүштөрдүн 50-50 болушу, ГЭСтерге “Электр станциясы” менен “РусГидро” ишканасынын акционер болушу негиз экенин түшүндүрдү. Текебаев келишимге сууну пайдаланууну Кыргызстан өз укугу менен каалагандай жүргүзөт деп так жазууну сунуштады.

Бүгүн Бишкекте Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Аталган ГЭСти куруу боюнча Орусия менен өткөн жылы сентябрь айында макулдашылган. Бул келишим учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG