Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Кумтөрдү иликтеген комиссия сарпталган акчасын жарыялады


Кумтр кени. 2012-жылдын 31-майы.
Кумтр кени. 2012-жылдын 31-майы.
Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия иликтөө учурунда кызмат көрсөткөн юристтерге 250 миңден ашуун АКШ долларын, экологиялык лабораторияларга 20 миң евро төлөп бергенин бүгүн Жогорку Кеңеште экономика министри Темир Сариев маалымдады. Сариев комиссия эл аралык “Мушкат” юридикалык компаниясы жана Германиянын лабораториялык эксперттерименен иштешкенин кошумчалады.
Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия өкмөткө 2009-жылы түзүлгөн акыркы келишимди бузууну сунуштап жатат.

Бүгүн Жогорку Кеңеш мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулоону улантууда. Парламент кечке чейин бир чечимге келип, токтом кабылышы керек. (JAk)

XS
SM
MD
LG