Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:31

Ирандын өзөктүк программа боюнча делегациясы Алматыга келет


Делегация АКШ, Орусия, Британия, Германия, Кытай жана Франциянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүнү Казакстандын мурунку борбору Алматы шаарында жүргүзмөкчү. Сүйлөшүүдө Ирандын өзөктүк программасы, андан баш тартуу маселеси коюлат. Иран делегациясын ишембиде “ирандыктардын милдеттеринен жана укуктарынан тышкары эч кандай чечим кабыл албасын” билдирген Саид Жейлили жетектейт. Иран парламенти жекшембиде кабыл алган билдирүүсүндө да “өзөктүк программа токтотулбасы” айтылган.

АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптап келет, ал эми Иран болсо программа тынчтык максатта гана өнүктүрүлүп жатканын айтууда. БУУ уранды байытууну токтотуудан баш тартканы үчүн Иранга саясий-экономикалык санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG