Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:18

Стамбул - Бишкек - Токио аба каттамы ачылышы мүмкүн


Стамбул - Бишкек - Токио аба каттамы ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жапониянын Киото шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Мамлекет башчы “Түрк аба жолдору” Стамбул - Бишкек - Шанхай аба каттамын ачканы жатканын жана Стамбул - Бишкек - Токио каттамын ачуу сунушталганын белгиледи.

Сунушту Жапония колдоду. Эки тараптуу кызматташуу боюнча документке киргизилди. Эгер бул ишке ашса Кыргызстан Жапония жакындап, ар тараптуу мамилелер дагы өнүгөт”, - деди Атамбаев.

Мындан сырткары жакында Кыргызстанга Жапониядан атайын топ келип, кайсы багытта иштешсе боло турганын изилдеп кетет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG