Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Кумтөр боюнча комиссия Таласка барат


Кумтөр кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү жана кен иштетүү жаатындагы адистер 4-мартта Таласка барат. Бул тууралуу ушу тапта Талас шаарында өтүп жаткан митингдин катышуучуларына өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева билдирди. Алар кен иштетүүдө инвестор менен туура кызматташуунун жолдору, Кумтөр тажрыйбасы тууралуу маалымат берет.

Курманалиева митингчилер суроолорун ошондо бере алаарын айтып, дүйшөмбүгө чейин тарап кетүүнү сунуштады. Бирок, кабарчыбыздын айтымында, акция дагы эле уланууда.

Милициянын айтымында, ушу тапта Таластагы Бердике баатырдын эстелигинин алдында 20 чакты киши чогулуп турат. Көз каранды эмес байкоочулардын пикиринде, митингчилердин саны жүзгө жакын. Ал эми иш-чараны уюштурган "Талас элинин ынтымагы" кыймылынын айтымында, 200дөй киши турат. Алар экология бузулат деп облустун аймагында кен иштетүүгө 50 жылдык мораторий киргизүүнү талап кылууда. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG