Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Ташиев: Акимчиликке кирип алган тарапкерлерим мыйзам бузган жок


"Жалал-Абад облустук акимчиликтин ичине кирип алган менин тарапкерлерим мыйзам бузган жок", - деп билдирди бүгүн "Азаттыкка" "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев.

Былтыр октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып боюнча соттолуп жаткан депутат Ташиев ал аялдар нааразылыгын айтууга мыйзамдуу укугу бар экенин, алар бийликти басып алууга аракет жасабаганын айтты.

Мурдагы күнү камактагы "атажуртчу" үч депутаттын бошотулушун талап кылган 63 аял облустук бийлик отурган имаратка кирип, ошо бойдон чыкпай жатат. Өткөн түнү да аялдар ошол жерде болду.

Кечээ Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши ал аялдардын кылган ишин мыйзамсыз деп атап, тартип коргоо органдарын бул окуяга укуктук баа берүүгө үндөгөн. Конституцияга ылайык, тынч митингге чогулуу ар кимдин укугу экенин, бирок мындай акциялар күч жана зомбулук менен коштолбошу керегин эскерткен. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG