Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Орусияда Pussy Riot тобунун жыйырмадай жактоочусу кармалды


Pussy Riot тобунун жактоочуларын кармоо учуру. 8-март, 2013 -жыл, Москва.
Pussy Riot тобунун жактоочуларын кармоо учуру. 8-март, 2013 -жыл, Москва.
Алар Москвада, Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган нааразылык акциясы учурунда кармалышты.

Ондогон активист Орусиянын түрмөлөрдү тескеген борбордук мекемесинин баш кеңсесинин алдына барышып, бул музыкалык топтун абактагы эки мүчөсү: Надежда Толоконникова менен Мариа Алёхинанын эркиндигин талап кылышкан. Сот “диний жек көрүүчүлүктөн улам бейбаштыкка барган” деп айыптаган эки ырчы кыз учурда эки жылдык түрмө жазасын өтөшүүдө.

Ырчы кыздар былтыр февралда Москвадагы Ыйса сактоочу храмында президент Путинге каршы ырдашкандан кийин камалышкан. Үч ырчы кыздын бири – Екатерине Самутцевич шарттуу кесилген. Жума күнкү нааразылык акциясы учурунда ал "Pussy Riot тобуна эркиндик" деген ураанды кармап турду. (UE)

XS
SM
MD
LG