Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

АКШ коргоо министри ооган президенти менен жолугат


Кабулда Пентагондун жаңы жетекчиси Чак Хейгалдын президент Хамид Карзай менен жолугушуусунда ооган президентинин Вардак провинциясынан америкалык аскерлерди чукул чыгаруу боюнча буйругу тууралуу сөз болоору айтылууда. Өткөн айдын этегинде Хамид Карзай АКШнын атайын даярдыктагы күчтөрү эки жумада Вардак чөлкөмүнөн чыгып кетсин деген буйрук берген. Америкалык жоокерлер жергиликтүү элди кордоп, запкы көрсөтүүдө - бул бейстабилдүүлүккө түрткү болууда деп айыпталган. Жолугушууда 2014-жылдын аягына чейин Ооганстандан эл аралык күчтөрдү чыгарып кетүүгө байланышкан коопсуздук чаралары дагы талкууланат. Быйыл он миңдеген жоокерлер өз мекенине кайтат.

Ишембиде америкалык министр Кабулда жүргөн маалда Ооганстандын коргоо министрлигинин жанында жанкечтинин жардыруусу болду. Анда тогуз карапайым адам мерт кетти.

Февраль айында коргоо министри болуп дайындалган мурдагы республикачыл сенатор Чак Хайгел Вьетнам согушунун катышуучусу.

XS
SM
MD
LG