Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Пакистанда тарса мектептери убактылуу жабылды


Дүйшөмбү күнү Пакистанда христиандардын ондогон мектептери иштеген жок. Бул чара мусулмандардын өткөн жумадагы кол салуусуна нааразылык ирети жасалды. 9-мартта жаалданган 3 миңдей адам Лахор шаарындагы тарсалардын конушуна кол салып, 200дөй үйдү жана дүкөндөрдү өрттөп жиберишкен. Тополоң христиан дининдеги адам Мухаммед пайгамбардын атына акаарат айтыптыр деген сөздөн кийин башталган.

Полиция чабуулга байланыштуу 150дөй адамды камакка алды. Жекшемби күнү тарсалар Пакистандын түрдүү шаарларында демонстрацияга чыгып, өкмөттөн аларды коргоону жакшыртууну жана келтирилген чыгымдар үчүн компенсацияны көбөйтүүнү талап кылышты.

Полициянын билдиришинче, коомдук мүлккө зыян келтирди деп демонстрацияга катышкан 100дөй адам камакка алынды.

XS
SM
MD
LG