Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Бишкекке Австриянын президенти Хайнц Фишер келди


Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Авcтриянын федералдык президенти Хайнц Фишер баштаган расмий делегация Бишкекке келди. Аларды “Манас” аба майданында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Кыргызстандын Австриядагы элчиси Лидия Иманалиева жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Делегациянын курамында австриялык 15тей мамлекеттик чиновник жана 17 ири компаниянын өкүлдөрү бар.

Хайнц Фишер 2010-жылы бийлик алмашкандан бери Кыргызстанга келген алгачкы Европа өлкөсүнүн башчысы болуп калат.

Ал кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, парламент спикери Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушат. Жолугушууларда эки өлкө ортосундагы экономикалык алакага басып жасалып, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

2012-жылдын 11 айында Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 12,3 миллион долларды түзгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG