Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Кыргызстандын FIFA рейтингиндеги көрсөткүчү төмөндөөдө


Дүйнөдөгү 207 өлкөнүн футбол курамаларынын күчүн көрсөткөн Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) март айы үчүн рейтингинде Кыргызстан бир баскычка артка жылып, 201-орунду ээледи. Федерациянын расмий сайты маалымдагандай, бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң жаман көрсөткүч болуп саналат. Кыргыз футболчулары башка өлкөлөр менен беттешүүлөрдө ийгилик жарата албагандыктан, Кыргызстан соңку рейтингде Түштүк Судан, Сомали өңдүү Африка өлкөлөрүнүн катарынан орун алды. FIFA тизмесинин эң башында Испания, Германия жана Аргентина өлкөлөрү турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG