Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Өмүрзаков: Редакцияга гранталарды катып кетишкен


Бул тууралуу “Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал гранаталарды анын бөлмөсүнө атайын кызмат өкүлдөрү катып кеткен деп эсептейт. Ошондой эле бул анын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин кошумчалады. Өмүрзаковдун белгилешинче, граната табылды делген 4-март күнү күч түзүмдөрү эки ирет келген. Биринчи жолу алар редакцияда эч нерсе жоктугун, таза экендигин билдиришкен. Экинчи жолу үстөлдүн астынан 3 граната табылган.

4-март күнү күч түзүмдөрү жардыргычтар тууралуу маалыматты жашыруун телефон чалган киши кабарлаганын айтышкан. Мындан мурдарак Өмүрзаковдун “7-апрель жана түштүктөгү окуялар журналисттин көзү менен” деген китеби жарык көргөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG