Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

“Дордойдун” соодагерлери кошумча салыкка нааразы


“Дордой” базарынын соодагерлери салыктын кескин көбөйүшүнө нааразылыгын билдиришүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган базардын профсоюздук комитетинин төрайымы Дамира Дөөлөталиева билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары салыктар эки эседен ашык өскөн. Жакындан бери базардагы контейнерлердин үстүнө коюлган экинчи кабаттагы контейнерлерге кошумча салык киргизилген. Буга нааразы болгон соодагерлер митингге чыгууну көздөп жатканын Дөөлөталиева кошумчалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG