Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Апрель окуясы боюнча сот Ак үйдүн чатырында өттү


Ак үйдүн чатырындагы бүгүнкү сот отурумунан көрүнүш. Сүрөт vb.kg сайтынан алынды.
Ак үйдүн чатырындагы бүгүнкү сот отурумунан көрүнүш. Сүрөт vb.kg сайтынан алынды.
2010-жылдын 7-апрели боюнча көчмө сот отуруму бүгүн Ак үйдүн чатырында өтүп, ага айыпталуучулар, жактоочулар жана соттук курам болуп жалпысы 32 адам катышты. Соттун жүрүшүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-бөлүмү көзөмөлдөп турду.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Учурда Бакиевдер баш болгон айыпталуучулардын бир нечеси издөөдө. Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. Ишти Бишкек гарнизондук аскер соту кароодо. (JAk)

XS
SM
MD
LG