Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Кытайдын жаңы лидеринин Орусияга сапары башталат


Бүгүн Кытайдын жаңы президенти Си Цзинпин расмий сапар менен Орусияга барат. Бул Си Цзинпинин Кытайдын төрагасы катары чет өлкөгө алгачкы сапары. Кытай лидеринин үч күндүк визитинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путин акыркы беш жылдагы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйгөнүнүн айтып, кытай-орус мамилелери эң жогорку деңгээлге жеткенин билдирди. Путин Си Цзинпинин алгачкы сапарын Орусиядан башташы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Акыркы жылдары Кытай-Орусия соода-экономикалык багытта гана өнөктөш болбостон, бир катар эл аралык маселелерде да пикирлеш. Си Цзинпинин Москвагы сапарында эки өлкө ортосундагы соода маселелери жана Кытай Орусиядан газ сатып алуусу боюнча сүйлөшүүгө басым жасалаары күтүлүүдө .

XS
SM
MD
LG