Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:49

Обама Иорданияга жол тартты


АКШ президенти Барак Обама Иорданияга аттанаар алдында Израилдеги символикалык жерлерде болуп кетти. Холокосттун мемориалдык комплексине зыярат жасаган Обаманы Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху коштоп жүрдү. АКШ президенти азыркы Сионизмдин түптөөчүсү Теодор Херцл жана Палестина менен тынчтык жараянына каршы болгон жөөт улутчулунун колунан каза тапкан премьер-министр Ицхак Рабиндин мүрзөлөрүнө гүл чамбар койду. Обама Ыйса пайгамбар туулган Бетлеемдеги чиркөөдө да болду.

АКШнын региондогу негизги өнөктөшү болуп эсептелген Иорданияда ал падыша Абдулла менен кездешмекчи. Лидерлер Израиль-Палестина жаңжалын жана Сириядагы абалды талкуулашат. Кан төгүү уланып жаткан Сириянын миңдеген жараны Иордания жана башка коңшу өлкөлөрдө баш пааналашууда.

XS
SM
MD
LG