Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Сот мурдагы муфтий Жалиловдун арызын карайт


Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун адвокаттарынын арызы каралат. Анда адвокаттар мурдагы муфтийдин ишин карап жаткан судьяны алмаштыруу өтүнүчүн келтирген.

27-февралда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жалиловдун үстүнөн башталган сотто мурдагы муфтийдин адвокаттары ишти карап жаткан судья Чыңгыз Адамкуловго кылмыш иш козголушу негизсиз болгонун айтып, процессти токтотуу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Бирок Чыңгыз Адамкулов бул арызды четке каккан соң, адвокаттар судьянын өзүнө ишенбөөчүлүк жарыялап, бул боюнча доо арызды шаардык сотко жөнөткөн болчу.

Чубак ажы Жалиловго карата кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн жылы октябрь айында козгогон. Анда УКМК Жалиловду муфтий болуп турганда ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөбөй, жашырып койгон деп айыптоодо. Ушундай эле айып азыркы муфтий Рахматулла Эгембердиевге да тагылган. Жалилов менен Эгембердиев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келишет.(BkA)

XS
SM
MD
LG