Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:46

26-марттан тарта Бишкекте жылуулук берилбейт


Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 26-мартта борбор калаа боюнча жылуулук берүү токтотулат. Мындай чечим март айындагы аба ырайына байкоо салуунун натыйжасында кабыл алынды. Жылуулук берүү сырттагы абанын температурасы беш күн катары менен +8 градусту түзгөндө токтойт. Бишкек шаарында жыл ичинде кеминде 150 күн жылуулук берилет. (KKs)
XS
SM
MD
LG