Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Ооганстанда жанкечтилер полицияга чабуул жасады


Ооганстандын чыгышындагы Жалал-Абад шаарында жанкечтилердин бомба чабуулунан беш полициячы өлдү, төрт полициячы жарадар болду. Чабуул АКШ Мамкатчысы Жон Керри Кабылда визит менен жүргөн кезде болду. Нангархар провинциясынын бийликтеринин маалымдашынча, чабуулга сегиз жанкечти катышты. Алардын бири бомбаны Жалал-Абаддагы полициянын ыкчам аракеттенчү күчтөрүнүн базасынын жанында жардырса, үчөө өздөрүн базанын ичинде жардырган. Калган төрт жанкечти полиция менен атышып жатып өлгөн. Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид бомба чабуулун алар уюштурганын билдирди.

XS
SM
MD
LG