“Айдоочу - Эркештам" коомунун төрагасы Садырбек Мусурманкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче чогулгандар Кыргызстанда 70-80 тонналык жүк ташыган кытай автоунааларын азайтууну, “Кыргыз көмүр” ишканасынан таш көмүрдү кытайлык эмес, кыргызстандык машинелердин ташуусун талап кылышууда. Нааразылык акциясына чыккан айдоочулар тобу Жогорку Кеңештин транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Жусубали Исаев менен жолугууну көздөөдө. Ушул тапта парламенттен тийиштүү өкүлдөр чыгып, айдоочулардын талаптарын угуп, жазып кетишти. (AzK)