Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Шаар мэри жер берген-бербегенин комиссия териштирет


Бишкек шаар мэри Иса Өмүркуловго коюлуп жаткан дооматтарды атайын комиссия териштирмей болду. Мындай чечимди бүгүн Социал-демократтар фракциясы өз отурумунда кабыл алды. Чечимге ылайык комиссиянын курамына депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү киришет. Бир күн мурда КСДПдан депутат Данияр Тербишалиев өз партиялашын шаардын парк аймактарынан үй курууга мыйзамсыз жер бөлүп берди деп сындап чыккан. Муну шаар мэри Иса Өмүркулов кечээ карандай калпка чыгарган билдирүүлөрдү тараткан. (BuS)

XS
SM
MD
LG