Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” бүгүн билдиришинче, жолугушуу жакшы маанайда өттү. Анда күн тартибиндеги 2013-жылдагы жолугушуулар боюнча иш планы түзүлүп, кол коюлду. Кезектеги жолугушуу Кыргызстанда апрель айынын аягында болоору күтүүлүдө.
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 26-27-мартта Ташкенде болгон сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштап барды. Ташкендеги сүйлөшүүдө өзбек тарапты биринчи вице-премьер-министр Рустам Азимов жетектеди. (AzK)