Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Алтыбаева: Депутаттар мандаттарынан ажыраган жок


Жогорку Кеңештин үч депутаты мандаттарынан сот өкүмү күчүнө киргенден кийин ажыратылышы керек. Мыйзамда ушундай каралгандыгын Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика комитетинин төрайымы, депутат Айнуру Алтыбаева “Азаттыкка” билдирди.

Мыйзам боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы депутаттар эми Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылуу жана Жогорку Сотко даттануу укугуна ээ. Соттолгондордун тарапкерлери он күн аралыгында өкүмдү төгүнгө чыгаруу үчүн соттук жогорку инстанцияларга кайрыларын кабарлашууда.

Мурда маалымдалгандай, жарым жылдан бери тергөө абагында отурган “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров кечээ бир жарым жылга, Талант Мамытов жана Ташиевдин жан сакчылары бир жылга түрмөгө кесилишти. Алардын тергөө абагында отурган ар бир күнү эки күн деп эсептелет.

Бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан бул жарандар өткөн жылдын 3-октябрында камакка алынышкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG