Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Жумгал: 4 айылда электр жарыгы калыбына келтире элек


Нарындын Жумгал районундагы жер көчкүдөн жабыркаган 4 айылда электр жарыгы калыбына келтире элек. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жарыксыз калган Сары-Булуң, Кызыл-Сөөк, Өрнөк жана Дүңгүрөмө айылдарындагы 200гө жакын турак үйдү убактылуу электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери жүрүп, керектүү жардам жеткирилип жатат. Ал эми Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасына, Ыраакы-Миң-Куш жана Кызыл-Сөөк айылдарына кечээ электр жарыгы убактылуу берилди.

Жумгалдын Миң-Куш шаарчасында 30-мартта жер көчүп, жогорку чыңалуудагы үч электр мамысы керектен чыгарган. Жер көчкүдөн жалпы чыгым 1 миллион сомдон ашык деп эсептелүүдө. (BKA)

XS
SM
MD
LG