Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Журналист Исраиловду аккредитациядан ажыратууну Жогорку Кеңеш карайт


“Общественный рейтинг” гезитинин кабарчысы Эрик Исраиловду аккредитациядан ажыратуу маселесин Жогорку Кеңештин аппараты карайт. Мындай чечим аталган журналисттин депутат Турсунбай Бакир уулу менен араздашуусу каралган парламенттин регламент жана этика боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды. Анда комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү бул чырга журналист себепкер болгон деген жыйынтыкка келишти.

Февралдын башында журналист Исраилов Бакир уулу иш бөлмөсүндө ага кол көтөргөнүн айтып чыккан. Депутат мындай кадамга социалдык тармактын бириндеги талкуу учурунда кайым айтышууга чычалоодон улам барганын айтып чыккан.

Бакир уулу болсо журналисттин дооматын четке кагып, Исраилов кыргыз элин кемсинткенин, бирок ага кол көтөрбөгөнүн билдирип келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG